Пакистандан ташылып келген 22 тонна эт өлкөгө киргизилген жок

 «Торугарт» өткөрмө жайында 21,8 тонна уй эти Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Нарын облусундагы «Торугарт» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Кытай аркылуу Пакистандан ташылып келе жаткан.

Жүк чек арадагы көзөмөл пункттун инспекторлору тарабынан текшерилип, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, аталган жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер белгиленген талаптарга жооп бербейт, ошондой эле жүктү ташуу учурунда ветеринардык-санитардык эрежелер бузулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, товар «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра артка жөнөтүлдү.

25 Декабрь 2025 жыл 15:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча