
Бишкек полигонундагы таштандыны чогултууга ылайыкталган Shantui SD22 үлгүсүндөгү бульдозер алынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бульдозер 15-тартуу классына таандык жана жөнөкөй Cummins дизелдик кыймылдаткычы менен жабдылган.
Бульдозердин салмагы 23 тоннадан ашат. Аны 30 градуска чейинки эңкейиштерде иштетүүгө болот.