Президент 9-майда Москвада өтө турган Жеңиш парадына катышат

Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат.

Бир катар документтерди кабыл алуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалын уюштуруу пландалган.

6 Май 2024 жыл 15:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча