Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунда Казарман ГЭСтер каскадын курууга мезгил кутусун салды.
Мамлекет башчысы эл алдында сөз сүйлөп, Нарын дарыясынын гидроэнергетикалык потенциалы совет доорунда эле изилденгенин белгиледи.
«Ошондо эле Казарман ГЭСтер каскады Нарын дарыясында курула турган ири гидроэнергетикалык объектилердин бири катары каралган. Эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктардан улам долбоорду ишке ашыруу мүмкүн болбой келген. Бүгүн биз мамлекеттин энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу жаатындагы иш-аракеттерибиздин бири катары дал ушул Казарман ГЭСтер каскадынын курулушун баштап жатабыз», — деди өлкө башчысы.