Прокурор публицист Олжобай Шакирди 7 жылга кесүүнү суранды

Прокурор публицист Олжобай Шакирди 7 жылга кесүүнү суранды. Бул тууралуу соттолуучунун жактоочусу Бакыт Автандил уулу билдирди.

Белгилей кетсек, иш Аламүдүн райондук сотунда каралууда. Олжобай Шакир бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырган билдирүүлөрдү жарыялоого айыпталууда.

Жактоочунун айтымында, прокурор публицистти күнөөлүү деп таап, аны 7 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Кезектеги процесс 14-майда өтүп, ал жерде жазуучуга акыркы сөз берилет.

8 Май 2024 жыл 15:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча