Россия менен Кытайдын лидерлери Казанда жолукту

Казанда БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынынын алкагында Кытай лидери Си Цзиньпин менен Россия президенти Владимир Путин жолукканын РИА Новости билдирди.

Путин токтолгон маселелер:

Россия-Кытай мамилелери азыркы заманда мамлекеттер ортосунда алака түзүүнүн үлгүсү болуп калды;

Россия-Кытай кызматташтыгы дүйнөлүк аренадагы негизги турукташтыруучу факторлордун бири болуп саналат. Биз глобалдык коопсуздукту жана адилеттүү дүйнөлүк тартипти камсыз кылуу үчүн бардык көп тараптуу платформада координацияны мындан ары да жогорулатууну көздөп жатабыз;

биргелешип иштеген жылдар аралыгында БРИКСтин бедели жана таасири күчөдү.

Кытай лидеринин сөзүнөн:

ондогон жылдар бою Кытай-Россия мамилеси өзгөрүп жаткан эл аралык кырдаалдын сыноолоруна туруштук берип, узак жолду басып өттү жана болуп көрбөгөндөй мүнөзгө ээ болду;

кылымдар бою байкалбаган тектоникалык трансформациянын шартында эл аралык кырдаал олуттуу өзгөрүүлөрдү жана толкундоолорду баштан кечирүүдө. Бирок бул эки өлкөнүн стратегиялык тандоосунун кол тийбестигине таасир эте албайт.

23 Октябрь 2024 жыл 9:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча