Россияда Лабубу оюнчуктары сапат жана коопсуздук талаптарына ылайык текшерүүдөн өткөрүлүп, алардын бир үлгүсүндө уулуу зат табылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, жалпы 13 оюнчук үлгүсү 53 көрсөткүч боюнча текшерилген. Алардын катарында уулуулук индекси, этикеткалоо, кездеме жана тигиш сапаты, ошондой эле токсикологиялык жана гигиеналык коопсуздук сыноолору болгон.
Үч этаптуу тестирлөөнүн жүрүшүндө бир оюнчукта адам ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон диоктилфталат заты табылган. Анын көлөмү 2,9 мг/л деңгээлинде чыгып, уруксат берилген чектен ашып кеткен.
Диоктилфталаттын зыяндуулугу эмнеде?
Бул зат, өзгөчө балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу. Ал репродуктивдик жана гормоналдык системага терс таасир бериши мүмкүн. Эстроген гормондорунун ишине кийлигишип, келечекте балдардын жыныстык өнүгүүсүнө таасир тийгизет. Ошондой эле неврологиялык көйгөйлөргө алып келиши ыктымал. Узак убакытта колдонуу боор, бөйрөк ооруларына, аллергия жана теринин кыжырдануусуна себеп болот.