Рысгүл Акимжанова Эверест чокусун багындырды

Ишкер Рысгүл Акимжанова Эверест чокусун багындырды. Бул тууралуу анын жолдошу, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев билдирди.

Анын айтымында, жубайы Рысгүл Акимжанова бүгүн, 27-майда Непал убактысы боюнча саат 04:40та дүйнөнүн эң бийик тоосу болуп саналган 8848 бийиктикте жайгашкан Эверестке ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиретти.

“Азыр Рысгүл ылдыйкы лагерге карай түшүп келе жатат, аман-эсен түшүп алуусун тилейбиз. Колдоо көрсөтүп, каалоо-тилек айтып турган бардыгыңыздарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз”, — деди ал.

Эске салсак, өткөн жумада Эверестке аттанган Рысгүл Акимжанова 8400 метр бийиктиктен кайра артка кайткан. Буга чокуга чыкканда ала барган кычкылтеги жетпей калганы себеп болгон.

Белгилей кетсек, муну менен тарыхта Кыргызстандын туусун Эверестте эки аял желбиретти. Буга чейин 11-майда чокуга Асел Байбагышева ийгиликтүү чыккан.

27 Май 2025 жыл 9:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча