Сүйүнүчтүн көз жашы! Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында алтын үчүн күрөшөт

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында алтын үчүн күрөшөт.

Чемпионат 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат. Мелдеште Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмактык категорияда катышууда.

Кыргыз балбаны биринчи беттеште румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыккан.

Андан соң кыргыз балбаны нейтралдык желек менен чыккан спортчу Анастасия Зимянкованы 44 секунддун ичинде 10:0 эсеби менен утту.

Ал эми чейрек финалда Айпери Медет кызы канадалык балбан Джастина Рене Ди Стасио менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңишти илип кетти.

Жарым финалда кыргыз спортчусу колумбиялык Татьяна Рентерия менен беттешип, 4:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп чыкты. Ошентип кыргыз балбаны финалга жолдомо алып, алтын үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Финалдык беттештер эртең, 20-сентябрда орун алат.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп 2024-жылы Парижде өтчү Олимпиада оюндарына лицензия утту.

19 Сентябрь 2023 жыл 22:21

Тема боюнча