Мамлекеттик сыйлык — элге эмгеги сиңген, иштерман инсандарга карата мамлекеттин жогорку урматы менен ыраазычылыгы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу аземинде айтты.
Мамлекет башчысы буга чейин сыйлык берүү системасын иретке келтирилгенин, аны менен адилеттүүлүктү, калыстыкты жана ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган мыйзам кабыл алынганын белгиледи.
“Жаңы мыйзамга ылайык, сыйлыктардын саны оптималдаштырылып, алардын салмагы артты. Эми сыйлык чындап татыктуу адамдарга гана берилиши керек деген принцип катуу кармалышы керек”, — деди Садыр Жапаров.
Президент кайсы тармакта болбосун, татыктуу инсандарды өз убагында баалоо коом үчүн үлгү болорун белгиледи.
“Бул жаш муундарга берилген баа жеткис стимул десек жаңылышпайбыз. Айрыкча жаштарыбыз бүгүн залда отурган сыйлык ээлерин көрүп, ак ниети, эмгеги эч качан жерде калбай турганына ишенип, өз ишине мурдагыдан дагы берилип иштөөгө күч-кубат алышат деп ишенем”, — деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктардын түпкү мааниси мамлекеттин өнүгүшүнө, улуттук биримдикти бекемдөөгө, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүүгө салым кошкон адамдардын эмгегин таануу экенин айтты.
“Мамлекеттик сыйлыктардын түпкү философиясы да мына ушунда. Сыйлык — бул элге эмгеги сиңген, иштерман инсандарга карата мамлекеттин эң жогорку урматы жана ыраазычылыгы”, — деп белгиледи өлкө башчысы.
Президент бүгүнкү сыйлык ээлеринин арасында илим-билим, медицина, маданият, искусство, педагогика жана башка тармактардын көрүнүктүү өкүлдөрү бар экенин белгилеп, алардын ар биринин эмгеги өлкөнүн өнүгүшүнө кошулган маанилүү салым экенин айтты.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы арабыздан эрте кеткен, бирок артына өчпөс из калтырган инсандардын эмгеги да унутулбай турганын белгиледи. Анын айтымында, көрүнүктүү дин ишмери Чубак Жалиловго жана белгилүү ырчы, обончу Рысбай Абдыкадыровго жогорку мамлекеттик сыйлыктын ыйгарылышы — алардын элге сиңирген эмгегине берилген татыктуу баа.
Садыр Жапаров ошондой эле, жаштарды бүгүнкү сыйлык ээлеринин басып өткөн жолунан үлгү алууга чакырды.
“Баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ушул эл сыймыктары, нарктуу кыргыз салтын тутунуп, мамлекетибиздин пайдубалын чыңдап, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда бирге кадам таштайлы. Биримдигибиз бекем болсо, алдыга койгон улуу максаттарга сөзсүз жетебиз”, — деди президент.