Президент Садыр Жапаров үч тараптуу саммитке катышуу үчүн Кожентке барды.
Маалыматка ылайык, аба майдандан мамлекет жетекчисин коңшу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон тосуп алган.



Президенттерге ошол эле жерден кыргыз-тажик бийчилери салтанат тартуулашты.







Кожентте бүгүн Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын башчылары жолугуп, үч өлкөнүн чек арасы кесилишкен жер боюнча келишимге кол коюлары кабарланган.