“Сакал” каймана аттуу кримтөбөл Улан Токтосунов “мыйзамдагы ууру” макамынан баш тартканын айтты.
Анын видеосу социалдык тармактарга тарады. Ал мындай чечимге Кудай үчүн барганын айтты.
Эске салсак, кечээ, 4-октябрда Токтосуновдун колониядан УКМКнын СИЗОсуна которулганы маалымдалган.