
Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Манон Фиоро менен бетме-бет кездешти. «UFC 315» турнирине арналган маалымат жыйын 27-февралга караган түнү уюштурулду. Турнир болсо 11-майда Монреаль шаарында (Канада) өтөт.
Жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченконун франциялык атаандашы Манон Фиоро дүйнөнүн эң мыкты лигасынан 7 жеңиш ке ээ болгон.
Маалымат жыйында Шевченко франциялык спортчуну социалдык тармактардагы комментарийлери үчүн сынга алды.
«Ал өзүн каратэ мушкери катары көрсөткөнү абдан кызык. Анда сый-урмат абдан маанилүү, баары ушунун тегерегинде курулган, ал жерде жакшы жана туура спортчу болуу абдан маанилүү»,- деди чемпион.
Маалымат жыйындан кийин атаандаштардын бетме-бет жолугушуусу болду.