Шоумен Максат Надырбеков ата болоорун жарыялады

Шоумен, тамада Максат Надырбековдун жубайы Алина жолдошуна белек кылып, анын туулган күнүндө кош бойлуу экенин айткан видео менен бөлүштү.

«Бүгүн менин туулган күнүм. 34 жашка чыктым. Мага жубайым белек камдап коюптур. Биздин кубанычыбызда чек жок. Наристебиз аман-эсен жарык дүйнөгө келип алсын. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө наристенин үнү жаңырып турсун. Мен сезимдеримди сөз менен жеткире албай турам», -дейт Надырбеков.

Эске салсак, Максат Надырбеков менен анын жубайы Алинанын баш кошушканына бир жыл болду.

29 Август 2023 жыл 11:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча