Сокулуктагы мунай сактаган жайдан чыккан өрт өчүрүлүүдө (видео)

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы темир жол бекетинин аймагындагы мунай сакталуучу жайдан чыккан өрт саат 18:06да чектөөгө алынды.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө жерине жалпы 8 күжүрмөн эсеп тартылды.

Андан тышкары, Чүй облусунун башчысы жетектеген ыкчам топ жана ККББдан ыкчам топ, «Кыргыз темир жол» ишканасынан бир өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 тез жардам унаасы тартылган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүүдө.

20 Июнь 2023 жыл 19:25

Тема боюнча