Сот Жээнбековдун жубайын камакка алды

Бүгүн, 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту азыркы учурда абакта олтурган саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Алимбаева 24-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эске салсак, Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган.

Равшан Жээнбековдун жубайы Бишкек шаарындагы эки жер тилкенин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналып жатканы кабарланган.

26 Май 2023 жыл 19:16

Тема боюнча