Сузакта унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыкты

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл өкмөтүнүн Атчабаров көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жана унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн жалын чыккан. Тилсиз жоо катталгандыгы тууралуу саат 11:41де маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө №59 ӨК-КБнөн саат 11:42де 1, андан соң 2-күжүрмөн эсеп тартылып, саат 12:18де курчоого алынган өрт саат 13:59да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себептери такталууда.

2 Декабрь 2024 жыл 12:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча