Төө-Ашууда «Келечек»альтернативдик туннели курулат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, бүгүн, 2-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана «Тез Жол» ЖЧК башында турган компаниялардын консорциумунун ортосунда Төө-Ашуу ашуусундагы «Келечек» альтернативдик туннелин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Ага ылайык, узундугу 11,5 чакырымды түзгөн туннель деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте курулат. Жаңы туннель жыл бою айдоочуларга коопсуз жүрүүнү камсыздамакчы.
Долбоордо эки төлөм алуу пункту, жалпы 31,3 МВт кубаттуулуктагы эки кичи ГЭС жана заманбап башкаруу системасы да каралган.
Жалпы инвестиция көлөмү 640 млн АКШ долларына жетет. Долбоор толугу менен жеке өнөктөш тарабынан каржыланат. Ал эми долбоорду ишке ашыруу жана эксплуатациялоо мөөнөтү 49 жылга белгиленген.