
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда туман болуп, кар жаап жатат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Чүй облусун жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлери айдоочуларга Бишкек-Ош унаа жолунда жүрүүдө баардык коопсуздук жол эрежелерин так сактоого чакырды.