Түркияда шайлоодон кийин ок атуулар коштолгон нааразычылык акциялары өтүүдө (видео)

Түркиянын бир катар шаарларында ок атуу жана дөңгөлөктөрдү өрттөп нааразылык акциялары өттү. Бул тууралуу Shot жазды.

Ван провинциясынын шайлоо комиссиясы DEM партиясынан талапкер Абдулла Зейданды шайлоодон четтетүү чечиминен кийин кеминде алты ири шаарда массалык демонстрациялар башталган. Ал буга чейин жеңишке жетип, бирок мандат Эрдогандын партиясынан талапкерге берилген. Жергиликтүү бийлик 3-апрелден 17-апрелге чейин массалык чогулуштарга тыюу салды. 

Ондогон адамдар полиция менен мушташып, көчөлөрдө автоматтар менен аткылашууда, дөңгөлөктөрдү өрттөп, тартип сакчыларына Молотов коктейлдерин ыргытышууда. Жооп катары алар көздөн жаш агызуучу газ, союлдар менен сокку уруп жатышат. Коопсуздук күчтөрү камакка алууларды жүргүзүүдө.

3 Апрель 2024 жыл 10:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча