Таңда чуркаган Токторбаев түшүндүрмө берди

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы өткөргөн көчмө жыйынында таңкы рейддеги кызматкерлердин чуркаганы боюнча түшүндүрмө берди.

Шаар башчысы социалдык баракчалардагы сын көз караштарга чогуу туруштук берүүгө үндөп, кызматкерлердин эмнеге чуркагандыгына токтолду.

«Анча-мынча урушкандар болуп жатат. Чуркатып жатат дегендер да бар. Кызматкерлерди мен чуркагыла, турникке тартынгыла деп жаткан жокмун. Алар өздөрүнүн ден соолугу үчүн чуркап жатат. Азыр чуркап, иштеп алгыла деп жатам», — деди мэр.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысы тийиштүү кызматкерлер менен Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгындагы таңкы рейдди чуркап өткөргөн. Бул кадам социалдык баракчалардын колдонуучуларынын кызуу талкуусуна түшкөн.

25 Март 2025 жыл 6:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча