Таласта 41 баш топоз уурдоого шектелип 3 адам кармалды

Таласта 41 баш топоз уурдоого шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас райондук милициясына 23 жаштагы жаран 14-октябрдан бери Кара-Кол жайлоосунан 41 баш топозу жоголуп жатканын айтып кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Мал уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары арыз ээсинин айылдашы, Талас районунун тургуну 42 жаштагы Р.К. жана Талас шаарынын 42 жаштагы жашоочусу Н.Т., Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 45 жаштагы М.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

5 Ноябрь 2025 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча