Таласта элдик жыйын болуп өттү

Бүгүн, 1-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Элдик жыйынга ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев, Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата милиция бөлүмдөрүнүн башчылары, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Жергиликтүү тургундар милицияга байланыштуу бир топ ыраазычылыктарды билдиришти. Ички иштер министри Улан Ниязбеков облустагы милицияга шарт түзүп, бир нече курулуш иштерин жүргүзүп, кызматтык автоунааларды берип жаткандыгын айтышты. Талас ОИИБдин жаңы имараты курулуп, эски кароосуз калган, абалы өтө начар имаратты жаңырткандыгын белгилешти. Облустук милициянын лед экранынан буга чейин футбол, азыркы учурда Париж Олимпиадасы көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеевге ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле милиция өз милдетин так аткарып жаткандыгын, мурдагыга салыштырмалуу учурда ишмердүүлүгү жогорулагандыгын белгилешти.

Драм театрдын кире беришине коюлган ИИМдин коомдук кабылдамасына Талас шаарынын 1939-жылы туулган Жапар Джусупов аттуу тургуну кайрылды. Ал Талас шаарынын Турдалиев көчөсү 183 дарегинде жайгашкан дүкөн боюнча маселе көтөргөн. Ж. Джусупбеков аталган дүкөн боюнча Жогорку сотко чейин жарандык тартипте кайрылып, утулуп калгандыгы белгилүү болду.

Жыйында мындан сырткары жол, мектеп, бала бакча, жер, суу жана башка маселелер талкууланды.

1 Август 2024 жыл 13:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча