Ташиев буздурулган «Батуми» кафесине барып, текшерүүнү тапшырды 

Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкектеги буздурулган “Батуми” кафесине барып, окуя менен жеринде таанышып келди. Бул тууралуу УКМКнын бамса сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Батуми” кафесинин ээси Кадича Бечелова УКМК төрагасына аларга расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жоктугун айткан.

Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде бузуу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

Мындан тышкары, УКМК төрагасы кандай гана жагдай болбосун, өзгөчө жөнөкөй жарандар мыйзамсыз түрдө жабыркап калбашы керектигин эскертти.

Эске сала кетсек, 24-майда Бишкек мэриясы Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы мертди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулуп жаткандыгын билдирип, окуяга байланыштуу комментарий берген.

25 Май 2023 жыл 21:00

Тема боюнча