Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата Ошто өткөн көкбөрү оюнунун финалдык беттеши чыр-чатак менен коштолду. Бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев видеокайрылуу жасап, чырдын чыгуусуна себепкер болгондор жазаланарын айтты.
Ташиевдин айтымында, учурда чыр учурунда тартылган видеодор топтолуп, иликтөө иштери жүрүп баштады, чырдын чыгышына себепкер болгондор сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жоопко татылат. Жана атайы органдарга тийиштүү тапшырмалар берилген.
Эске салсак, 31-августтун кечинде социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында жаалданган топ беттеш өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган тасма тараган.
Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алганы айтылууда.
«Достук» жана «Ынтымак» командалары беттеш өткөрүп, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин «Ынтымак» жеңип алган.