Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үч эмдин энеси Нуржамал Баатырбек кызына Ош шаарынан үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, Нуржамал Баатырбек кызы Алай районунун Арпа-Тектир айылынын тургуну, төрт баланын энеси.
2024-жылы жарыкка келген үч эмине Мустафа, Муслим жана Муса деген ысымдар коюлган. Жолдошу менен эки жолго түшүп, балдарын өзү багып келе жаткан Нуржамал буга чейин ата-энесинин үйүндө жашап, өз алдынча үй алууга мүмкүнчүлүгү жок эле.
Ош шаарынын борборундагы жаңы батир заманбап шартта толук жасалгаланып, жаш эне менен балдар үчүн кең жана ыңгайлуу очок болуп калды.