УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «УКМКнын тергөө абагында жаткандардын шарты жакшы эмес»,- деген сындарга жооп берди.
«Кыргыз деген атты сактап калыш, кийинки муунга өткөрүп бериш биздин колубузда. Ал эми талашып-тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбестен тили менен буудай куургандар, мамлекетти тоноп алып дагы бир ызы-чуу кылам дегендердин баарына мыйзам чегинде жаза беришибиз керек. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар. Кээ бири азыр «түрмөдө бизди катуу кармап жатат» деп жатышат. Түрмө пансионат эмес. Түрмө деген түрмө. Ал ошол үчүн курулган. Ошого чыдабайбы мыйзам бузбасын», — деди ал.
Буга чейин Акыйкатчы институту УКМКнын тергөө абагына алынган айрым жарандардан кабар алган.