Ташиев: ЖК депутаттары Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни!

Министрлер кабинетинин төрагасынан орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ундун баасынын көтөрүлүшү тууралуу нааразы пикирлерин айтып чыккан ЖК депутаттарына жооп берип, соцтармак баракчасына билдирүү жазды.

«Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтаарым баа көтөрүлбөйт, мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура казактардын унунун баасы көтөрүлдү, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт.
1-сорт ундун баасы 30 с/кг, бир кап ун 1500 сом, жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн, себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет. Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт! Мамлекетибиздин азык тулук коопсуздугу жетиштуу камсыздалган. Так что ЖК депутаттары Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни!», — деп жазган Ташиев.

21 Сентябрь 2023 жыл 17:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча