Ташиевди эч ким коррупционер деп айта албайт. Эмне үчүн?

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына берген маегинде аны эч ким коррупцияга айыптай албасын айтты.

Ташиевдин айтымында, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатты мамлекетке гана багыттайт.

«Ачык эле айта алам, мени бир сом акча алдың деп эч ким күнөөлөй албайт. Бирөөдөн бир сом, тыйын акча албайм. Түшкөн акчанын баарын мамлекеттин эсебине которуп берем же болбосо УКМКнын пайдасына иштетем. Башка маселе жок. Ошондуктан эки жылда 11 миллиард акча топтосок дагы эч ким мени коррупционер деп айта албайт. Эмне үчүн, себеби дал ошондой. Калк айтса калп айтпайт дейт. Эгер бирөөнөн акча алып койсом ал барып аялына айтмак, ал дагы бирөөнө, анан коомго жайылмак”, — дейт Камчыбек Ташиев.

26 Май 2023 жыл 10:16

Тема боюнча