Таштандыга ташталган балага президенттин ысымы ыйгарылды

Таштандынан табылган балага президенттин урматына Садыр ысмы ыйгарылды. Бул тууралуу «Спутник Кыргызстан» агенттигине №1 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Замира Матубраимова билдирди.

Анын айтымында, оорукананын жамааты биргеликте чечим кабыл алышкан.

«Президент сыяктуу акылдуу, калыс, күчтүү, өлкө үчүн күйгөн жигит болсун дедик», — дейт ал.

Белгилей кетсек, бөбөк Бишкектин Октябрь районунун Элебаев көчөсүндөгү таштанды челектен 8-ноябрь түнү табылган. Ымыркай №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, баланын абалы туруктуу,  айына жетип төрөлгөн, салмагы — 2 кг 210 грамм, жынысы – эркек.

Кечээ милиция баланын 21 жаштагы энесин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.  Ага каршы өз баласынын өмүрүнө кол салуу айыбы менен иш козголду.

12 Ноябрь 2023 жыл 12:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча