Тажикстанда нөшөрлөп жааган жамгыр 13 адамдын өмүрүн алды

Кечээ, 27-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Тажикстанда 13 адам каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, жамгырдан Вахдат шаарында 11 адам, Рудаки районунда эки адам каза болгон. Президент Эмомали Рахмон премьер-министрге, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетине жаратылыш кырсыгынан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү тапшырды.

28 Август 2023 жыл 11:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча