ТИМ алдамчылардан сак болууну эскертет

Акыркы мезгилде Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдарына карата алдамчылык мүнөздөгү аракеттер катталууда. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар өздөрүн ТИМдин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу катары тааныштырып, алардын ишмердүүлүгүнө байланышкан айрым маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн «КР ТИМден координатор» деп аталган адам менен байланышууга чакырган билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө же телефон чалууларды жасоодо.

ТИМ жогоруда аталган кайрылуулар министрликке эч кандай тиешеси жок экендигин жана алдамчылык мүнөзгө ээ экендигин расмий түрдө билдирет.

Ушуга байланыштуу ардактуу консулдардан төмөнкүлөрдү суранабыз:

  • жогорку деңгээлде сак болууну;
  • белгисиз адамдар менен байланышпоону;
  • кандай болбосун жеке, кызматтык же башка маалыматтарды бербөөнү;
  • расмий эмес байланыш каналдары аркылуу келип түшкөн оозеки же жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрдү аткарбоону жана күмөндүү шилтемелерге өтпөөнү.

Министрлик менен өз ара аракеттенүү кызматтык кат алышууларды, дипломатиялык ноталарды жана байланыштын башка белгиленген формаларын камтыган расмий каналдар аркылуу гана жүзөгө ашырыларын эскертет.

28 Январь 2026 жыл 18:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча