
Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда тазалоо иштери Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 0-26-чакырым аралыгында жүрүүдө.
Жеринде №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.
Унаа кыймылына чектөөлөр жок.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.