Тоң районунда «Кыргыз бройлер» ЖЧКсы жылына 21 миллионго жакын инкубациялык жумуртка өндүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев аталган ишкананын жаңы өндүрүш аянтчасынын ачылыш аземине катышты.
«Кыргыз бройлер» ишканасы бройлер тоокторун багууга жана тоок этин өндүрүүгө адистешкен. Ишканада инкубация, тоют өндүрүү, бройлер өстүрүү, тоок союу, этин кайра иштетүү жана даяр продукцияны таркатуу сыяктуу толук өндүрүш цикли жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө ишканада 75 адам иш менен камсыз болгон. Азыркы учурда инкубацияга жарактуу жумурткалар өндүрүлүүдө, алардын бир даанасынын баасы 42 сомдон бааланууда.
Бул долбоор КР президентинин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча саясатын ишке ашыруу алкагында ишке ашырылууда.
«Учурда «Кыргыз бройлер» ишканасы жылына 21 миллионго жакын инкубациялык жумуртка өндүрүүдө. Бул 30 миң тонна тоок этин өндүрөбүз дегенди билдирет. Бул мамлекет үчүн маанилүү кадам, анткени ал азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз таасир этет. Кыргызстан боюнча жумуртка менен камсыз кылуу деңгээлине жетиштик», — деди Бакыт Төрөбаев.
Компания туруктуу өнүгүүнү жана өндүрүш кубаттуулугун жогорулатууну көздөйт.
2025–2026-жылдары эки жаңы өндүрүш аянтчасы, ал эми 2027-жылы дагы эки аянтча курулат. Бул аймактарда заманбап тоок сарайлары, кошумча инфраструктура жана инженердик курулмалар тургузулат.
Долбоордун алкагында жаңы технологиялык жабдуулар орнотулуп, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Бул чаралар аймактын социалдык-экономикалык өсүшүнө салым кошуп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана мамлекеттик бюджетти чыңдоого өбөлгө түзөт.