Токмокто дүкөндөргө уурулук кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга кайрылган бир нече дүкөндүн ээлери белгисиз адамдар дүкөндөрдүн эшигин бузуп, спирт ичимдиктерин жана азык-түлүктөрдү уурдап кетишкендигин айтып, чара көрүүнү суранышкан.
Бул факт Токмок ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларында шектүү адамдар аныкталып 18 жана 19 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Токмок шаардык сотунда алардын баш коргоо чарасы тандалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр тарабынан 5 уурулук фактысы болгону аныкталып, тиешелүү далилдер алынган.
Учурда алардын башка да кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги текшерилүүдө. Тергөө иштери уланууда.