Токмокто салмагы 5,2 кг болгон кыз төрөлдү

Токмок шаардык Жалпы дарыгерлик практика борборунда 3-январда салмагы 5 килограммдан ашкан ымыркай жарык дүйнөгө келди.

Медициналык мекеменин маалыматына караганда, 44 жаштагы эне экинчи баласын кесарево жолу менен төрөгөн.

«Салмагы 5 кг 200 грамм, бою 54 сантиметр болгон кыз төрөлдү. Учурда эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда. Зарыл болгон медициналык кароодон өткөндөн кийин, алар үйүнө чыгарылды», — деп белгиленет маалыматта.

13 Январь 2026 жыл 16:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча