Токойдо жылан аялды жутуп салган

Индонезиядагы кыштактардын
бириндеги токойдо узундугу 5 метр болгон
питон аял кишини жутуп алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Түштүк Сулавеси провинциясынын 45 жаштагы тургуну жашылча чогултканы токойго барган. Аны базарга алып чыгып сатмак болгон. Бирок, жубайы кайтпаганынан улам шектенген
жолдошу аны издөөгө киришип, жергиликтүү элден жардам сураган.

Алар токойдон жоголгон аялдын буюмдарын, эртеси ичи шишиген жыланды табышкан. Аны союп, ичинен аялдын сөөгүн алып чыгышкан.

Питон алгач аялды бутунан тиштеп, денесине оролуп алып, муунтуп жуткан.

Маркумдун артында 4 баласы калды.

Бул окуя Индонезияда 2017-жылдан бери
катталган окшош учурлардын бешинчиси.
Питон — уусуз, муунтуучу жыландардын үй-
бүлөсүнө таандык ири тропикалык жылан.

Чакмактуу питондун узундугу 7 метрге чейин жетет. Анын эң узуну — 10 метрлиги 1912-жылы катталган. Аталган жыландын түрү Түштүк Азиянын аймагын байырлайт.

Алар сууда да мыкты сүзүп, кечке маал же түндө аңчылыкка чыгышат.

13 Июнь 2024 жыл 16:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча