Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,1 млрд куб метрге түштү

Быйыл Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй Борбор Азияда суунун агымы аз болгону айтылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында айтылды.

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9,102 млрд куб метрди түзүүдө. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,631 млрд куб метрге аз.

Буга байланыштуу, адистер суунун аздыгынан электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү да төмөн болоорун коңгуроо кылууда. Ошол себептүү, бекитилген лимитти кармоо зарылдыгы белгиленди. Бирок, анализ көрсөткөндөй, электр энергияга болгон лимиттер сакталбай келет.

15 Январь 2026 жыл 10:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча