Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз каалоосу менен кызматынан кетүү чечимин кабыл алганын парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жеке чечими болуп саналат жана ага эч кандай басым-кысым көрсөтүлгөн эмес.

«Бул менин жеке чечимим. Мага эч кандай басым-кысым көрсөтүлгөн жок. Мен Кыргызстанда эле болом. Эч жакка кетпейм, араңыздарда иштей берем», — деди ал.

Ошондой эле Тургунбек уулу өлкөдө туруктуулукту сактоо зарылдыгын белгилеп, президент баштаган реформалар аягына чыгышы керектигин айтты.

«Бизде туруктуулук болуш керек. Президент баштаган реформалар аягына чыгышы зарыл. Андыктан мен мекенчилдик менен ушундай чечим кабыл алдым», — деп кошумчалады ал.

Жогорку Кеңештин төрагалыгына ким талапкер болору азырынча белгисиз.

12 Февраль 2026 жыл 10:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча