Учуп бараткан учактын эшигин ачып, секирүүгө аракет кылган жаранды кармап калышты (видео)

Индиялык IndiGo авиакомпаниясынын жүргүнчүсү депрессиядан улам учуп бараткан учактын авариялык эшигин ачып, андан секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу The New York Post басылмасына таянуу менен СЕРЕП МЕДИАсы жазды. 

Басылманын маалыматына караганда, окуя Индияда Гувахатиден Агарталага учуп бараткан учакта болгон. Учуу учурунда 41 жаштагы Бисважит Дебнатх капыстан туруп, авариялык эшикти ачууга барган. Муну көргөн жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү аны токтотууга шашылышкан, бирок ал каршылык көрсөткөн. Жүргүнчүлөр стюардессаларга учак аман-эсен конгонго чейин аны кармап турууга жардам беришкен. Көздөгөн жерине жеткенде индиялык полиция тарабынан кармалган.

Дебнатх көптөн бери депрессия менен күрөшүп жүргөн. Ал азыр учактагы 180ден ашык жүргүнчүнү коркунучка алып, экипаж мүчөлөрүнө кол салган деп айыпталууда.

28 Сентябрь 2023 жыл 12:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча