УКМК Көлбаевге таандык ок атуучу куралдарды аныктады

Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчыбек Асанбекке (Көлбаев) таандык ок атуучу куралдар аныкталды. Бул туруалуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК К.Асанбек тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында 11-июлда «Мыйзамдагы ууруга” тиешелүү делген жайлардын биринде уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин аскердик патрондору бар жеке ок атуучу куралдары табылган.

Учурда УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

16 Июль 2024 жыл 17:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча