УКМК контрабандага каршы күрөштүн алкагында 2 унааны конфискациялады

УКМК контрабандага каршы күрөштүн алкагында 2 унааны конфискациялады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен 2022-жылдын ноябрь айында 1 млн 248 миң сомдук дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бараткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин эсебине алынган.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 19-майында Кадамжай райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын март айында 599 миң сомдук күйүүчү-майлоочу май түрүндөгү контрабандалык жүк ташыган КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа мамлекеттин эсебине конфискацияланган.

Мындан тышкары, буга чейин да контрабанда ишине пайдалангандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган Mercedes-Benz Actros жана Hyndai Porter үлгүсүндөгү 2 унаа боюнча материалдар Баткен облусунун сот органдарында каралып жатат.

УКМК контрабанда ишмердүүлүгү КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылып, ага катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

27 Май 2023 жыл 17:43

Тема боюнча