Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаарынын бир тургуну улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалганын билдирди. Анда Фейсбукта «Ч.А.С.» аттуу жаран «чагымчыл аккаунт ачканы аныкталды, ал жарандар арасында кастыкты козуткан материалдарды такай жарыялап турган»,- деп жазылган.
«Шектүү мурда да бир нече жолу улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, сот аркылуу беш суткага административдик камакка алынган. Бирок ага карабай мыйзамсыз ишин уланткан. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, анын басылмаларында улут аралык кастыктын, жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экени такталды»,-деп жазылган маалыматта.
УКМКнын билдиришинче, буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүн («раса, этнос, улут жана дин аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча кылмыш иши козголду жана шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалды.