Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Маалыматтык коопсуздук борбору» мамлекеттик мекемесинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Иш-чарага катышкан УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков бул борборду түзүү – заманбап глобалдык чакырыктарга жооп экенин белгиледи. Анын айтымында, долбоор өлкөнүн санариптик эгемендүүлүгүн коргоонун жана санариптик экономиканын туруктуу өнүгүшүнүн негизин түзөт.
Борбордун негизги милдеттери:
Жаңы имарат заманбап сервердик жана аналитикалык жабдуулар менен толук камсыздалган. Түзүлгөн шарттар киберчабуулдарга натыйжалуу каршы турууга жана республиканын маанилүү санариптик кызматтарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бул борбордун ачылышы – мамлекеттин жарандар, бизнес жана бийлик институттары үчүн коопсуз санариптик чөйрөнү түзүүдөгү артыкчылыктуу кадамы болуп саналат.