
Шейшембинин кечинде Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында чыккан өрт 2 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Фейсбуктагы барагына жазды.
«Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 260 адам эвакуацияланды. Тилекке каршы 2 адам каза болду. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм, 2 автошаты, Бишкек шаардык «Куткаруу кызматынын» куткаруучулар, ыкчам тобу тартылды. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, 23:15те толугу менен өчүрүлдү», — деп билдирди Ажикеев.
Азырынча каза тапкан жарандардын тек-жайы жана ооруканадагы тилсиз жоого эмне себеп болгону так айтыла элек.
Министр Ажикеев жарыялаган видеолордон өрт өчүрүүчүлөр түтүн каптаган имаратта иштеп жатканын көрүүгө болот.