Унаадан тулку боюн чыгарып, автоээнбаштыка жол берген айдоочуга айып салынды

Унаадан тулку боюн чыгарып, автоээнбаштыка жол берген айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Баткен шаарында Лексус үлгүсүндөгү унаанын ичинде бара жаткан жүргүнчүлөр унаадан тулку боюн чыгарып, ээнбаштык кылган видео тараган. Баткендеги жол тескөөчүлөр тарабынан унаа табылып, айдоочусуна Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык 15 миң сом айып салынган. Унаа айып короого киргизилген.

13 Март 2025 жыл 11:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча