Май куйуучу бактарды мыйзамсыз орноткон унаалардын айдоочуларына 25 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Коомдук транспорт жана кошумча жабдык» рейдинин жүрүшүндө жол эрежелерин бузган үч жол тандабас унаалар токтотулган.
Текшерүү учурунда унаалар кошумча бактарды мыйзамсыз орнотуп, күйүүчү майларды мыйзамсыз ташып жүргөндөрү аныкталган.
Бул факты боюнча үч унаанын айдоочуларына жалпы 25 миң сом айып салынып, унаалары айып короо жайларына киргизилди.