Вашингтондогу атышууда Израиль элчилигинин 2 кызматкери каза болду

Күн мурун Израилдин элчилигинин эки кызматкери Вашингтондогу музейдин алдында өлтүрүлгөнүн АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноем социалдык баракчасы аркылуу билдирген.ь

“Израиль элчилигинин эки кызматкери бүгүн кечинде Вашингтондогу музейдин жанында өлтүрүлгөн. Биз дыкат иликтөө жүргүзүп, кошумча маалымат алуу үчүн иштеп жатабыз”, — деп жазган ал.

Ноем ошондой эле кол салган адамды жоопко тартууну убада кылган.

АКШнын NBC телеканалынын маалыматына караганда, шектүү кармалган.

22 Май 2025 жыл 18:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча