Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны күндөн-күнгө өсүп жатканы маалымдалды

— Венесуэладагы эки жер титирөөдө каза болгондордун саны 3889 адамга жетти. Жаракат алгандардын (16 740) жана үй-жайсыз калгандардын (17 907) саны өзгөргөн жок.

«Reuters» агенттиги кабарлагандай, кырсыктан эң көп жабыркаган Ла-Гуайра штатында 300 адам ким экени аныкталбай жерге берилди. Бирок идентификациялоо иштери уланып жатат. Эксперттер каза болгондорду тактоо үчүн каттоо жүргүзүп, генетикалык материалдарды чогултуп жатышат.

24-июнда Венесуэлада эки жер титирөө болуп, акыркы 100 жылдагы эң күчтүү жер титирөө катары катталды. Андан кийин 1076 жолу афтершок байкалган. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн бийлик 87 убактылуу лагерди ачып, аларга 9603 тонна азык-түлүк жана 8,32 миллион литрден ашык ичүүчү суу жеткирилди. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 30 миңге жакын өзгөчө кырдаалдар кызматкери жана 28 миңден ашык ыктыярчы катышууда. Чет өлкөлөрдөн 4388 куткаруучу келди.

10 Июль 2026 жыл 11:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча