Wildberries интернет дүкөнүнөн байпак алып бермекчи болгон алдамчы кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 2023-жылы 26-ноябрда шаар тургунуна чала тааныш адам Wildberries интернет дүкөнү аркылуу Москвадан байпак жеткирип берем деп 300 миң рубль алып, алдап кеткен. Арадан 1 жыл 2 айга жакын убакыт өткөндөн кийин 2025-жылы 9-январда алданган жаран милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында 27 жаштагы шектүү (А.А.) 6-мартта Москвадан Ошко учуп келгенден кийин кармалып, Бишкекке алынып келген. Ага электрондук көзөмөлгө (электрондук билерик тагылып) алуу бөгөт чарасы тандалып, камактан бошотулган.

Учурда анын башкы алдамчылык фактыларына катыштыгы текшерилүүдө.

11 Март 2025 жыл 6:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча